Ссылки доступа

Тигран Кеосаян Казакстанга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине кошулду


Казакстанда орусиялык пропагандачы Тигран Кеосаян террорчулар менен бир тизмеге киргизилди. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.

"Кеосаян бул тизмеге ЖМКлар анын Казакстанга киришине тыюу салынышы мүмкүн экенин кабарлагандан кийин дароо эле киргизилген. Чек арада анын аты-жөнүнүн тушуна кызыл белги коюлган. Бул тизмеде Кеосаяндан тышкары террорчулар жана Казакстанда жагымсыз деп саналган башка элементтер бар", – деп билдирген агенттиктин булагы.

Анын айтымында, Кеосаян буга чейин расмий деңгээлде убадалангандай Казакстанга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине да кошулган.

Бул маалыматты Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров ырастап, мындай тизме "бардык өлкөлөрдө бар экенин" белгиледи. Ошол эле маалда ал Кеосаян "террорчулар" менен бир тизмеге киргизилгени тууралуу комментарий берип, "ал тизмеде кимдер бар экенин билбей турганын" айтты.

24-апрелде интернетке Кеосаяндын казакстандыктар тууралуу терс пикирин айткан билдирүүсү жарыяланган. Анда ал Казакстандын элин "жакшылыкты билбеген эл" деп атап, казак бийлигин "Украинадагы кырдаалдан сабак алып, жакшылап ойлонууга" чакырган. Өз кезегинде анын бул сөздөрү казак коомчулугу тарабынан ачык коркутуу катары бааланган.

Буга чейин Казакстандын Коргоо министрлиги быйыл 7-майда белгилене турган Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө жана 9-майда белгилене турган Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиш күнүндө аскердик парад өтпөй турганын билдирген. Мекеме бул чечимин бюджеттик каражатты үнөмдөө жана "башка маселелерди чечүү" зарылдыгы менен түшүндүргөн.

27-апрелде Казакстан ТИМинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров Тигран Кеосаяндын өлкөгө киришине тыюу салынышы мүмкүн экенин билдирген.

"Орусиялык журналист Тигран Кеосаяндын кемсинтүүчү жана бир жактуу билдирүүсү орус коому менен саясий чөйрөсүнүн айрым катмарынын көз карашын чагылдырышы мүмкүн. Бирок ал эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктүн мазмуну менен мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги келишимдердин багытына туура келбейт. Мындай билдирүүлөр ынак коңшулукка зыян келтирип, стратегиялык өнөктөштүктүн каршылаштары үчүн пайдалуу болот. Кеосаян Казакстанга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине киргизилиши мүмкүн", — деген Смадияров.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG