Ссылки доступа

Казакстанга 30 тонна шекер алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды


Таластагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрмө бекетинде Казакстанга 30 тонна шекерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 25-июнда казакстандык айдоочунун машинасын текшергенде ал селитра салынган мүшөктөрдүн арасына катып шекер ташып баратканы аныкталган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилгени маалымдалды.

Кыргызстанда 1-июндан тартып шекерди сыртка алып чыгууга жарым жылга тыюу салынган. Өкмөт бул чечимин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана шекердин баасын туруктуу кармап туруу аракети менен түшүндүргөн.

Май айынын соңунда Кыргызстанда шекер коңшу өлкөгө ташылып жатканы, себеби ал жакта бул азык жетишсиз экени тууралуу сөздөрдөн кийин анын баасы жогорулаган.

XS
SM
MD
LG