Ссылки доступа

G7 лидерлери Кытай менен атаандаштыкты жана Украинага жардам берүүнү талкуулап жатышат


"Чоң жети" лидерлеринин жолугушуусу. Германия, 26-июнь 2022-жыл
"Чоң жети" лидерлеринин жолугушуусу. Германия, 26-июнь 2022-жыл

"Чоң жети" (G7) уюмуна кирген мамлекеттердин бардык лидерлери инфляциянын өсүүсү жана экономикалык өнүгүүнүн басаңдашы шартындагы глобалдык каатчылыкка тынчсызданып жатышат. Бул тууралуу G7 саммитинин дүйнөлүк экономикага арналган сессиясынан кийин Германиянын канцлери Олаф Шольц билдирди.

"Чоң жети" өлкөлөрү 2027-жылга чейин Кытайдын көп триллиондогон "Бир алкак, бир жол" долбооруна каршы турууга багытталган демилгенин алкагында өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн инфраструктурасын жакшыртууга 600 миллиард евро бөлүүгө ниеттенип жатышат. Анын 200 миллиард долларын АКШ бөлөт деп күтүлүүдө.

G7 саммитинин жүрүшүндө Шольц менен АКШнын президенти Жо Байден Украинага аскердик жардам берүүнү улантуу боюнча макулдашты. Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, "Чоң жетинин" декларация долбоорунда бардык лидерлер Украинага "канча керек болсо ошончо" аскердик, гуманитардык жана дипломатиялык жардам берери жазылган.

Ак үйдүн сайтындагы меморандумда АКШ президенти баштаган G7 өлкөлөрүнүн лидерлери өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн инфраструктурасындагы кемчиликтерди жоюп, дүйнөлүк экономиканы бекемдеп, Вашингтондун коопсуздук тармагындагы кызыкчылыктарын алдыга сүрөй турган расмий өнөктөштүккө киришип жатканы жазылган.

G7'ге Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ кирет. Быйыл 26-28-июнь күндөрү өтүп жаткан саммитке Индонезия менен Индиянын өкүлдөрү да чакырылган.

XS
SM
MD
LG