Ссылки доступа

Активист Инга Иманбай телефонунан Hermit тыңшоо программасы табылганын билдирди


Казакстандык жарандык активист, каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамайдын аялы Инга Иманбай телефон тыңшоочу Hermit программасы жабдуусунан аныкталанын билдирди. Бир нече күн мурун Lookout Threat Lab иликтөөчүлөрү бул программаны казак бийлиги колдонуп жатканын кабарлаган.

Инга Иманбай Facebook’тагы баракчасына: "Бийлик мени италиялык кымбат шпиондук программа менен аңдып жатат. Антишпиондук Lookout программасы менин телефонуман Hermit вирусун аныктады. Жок дегенде, эми менин кылмышкер эместигиме көзүңөр жеттиби? Бизди беш машине менен аңдыганы аз келгенсип, эми 24 саат телефонумду аңдып жатасыңар, биз кылмышкер эмес экенибизди мойнуңарга алгыла, Жанболатты бошоткула!" — деп жазды.

16-июнда киберкоопсуздук боюнча Lookout Threat Lab иликтөө тобу казак өкмөтү колдонгон тыңшоо программасын аныктаганын кабарлаган. Уюмдун билдиришинче, бул программанын акыркы версиясы 2022-жылы апрелде – январь окуяларынан үч ай өткөндөн кийин табылган.

Казак бийлиги Lookout Threat Lab уюмунун иликтөөсү жана Инга Иманбайдын билдирүүсү боюнча расмий комментарий бере элек.

Италия өндүрүшүнөн чыккан Hermit программасы үн жазып, чалууларды жүргузүп жана башкара алат. Мындан тышкары чалуулар журналын, байланыш номурларын, сүрөттөрдү, жабдуунун жайгашкан жерин жана кыска билдирүүлөрдү чогултууга да кудуреттүү. Тыңчылыкка багытталган бул тиркеме кыска билдирүү аркылуу тарашы мүмкүн.

Hermit Android жабдуулары үчүн түзүлгөнү, бирок IOS үчүн да ушундай эле версия бар экени айтылууда. Lookout Threat Lab маалымдагандай, бул программа Сирия, Пакистан, Чили, Монголия, Бангладеш, Вьетнам, Мьянма жана Түркмөнстанда колдонулган.

Видео

Видео

Соң-Көл жайлоосундагы бала бакчалар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00
XS
SM
MD
LG