Ал Өзбекстандын 57 жаштагы тургуну Собиржон Усманов экени белгилүү болду.
"Ал балдарды мага калтырбастан кафеге таштап кетиптир. Былтыр октябрда Орусияга үй-бүлөмдү да алып келгем. Мен иштеп, аялым үйдө балдарды карап калчу. Үй-бүлөм жокчулуктун айынан бузулду. Мен тааныштарымдын бирине карызга акча берип, мындан улам үй-бүлөм бир айча каражаттан кыйналып калган", – деди Усманов "Азаттыктын" өзбек кызматына берген маегинде.
Ал балдарды апасы жок багуу оор экенине карабастан, аларды өз алдынча тарбиялагысы келип жатканын билдирүүдө. "Суянч.уз" коомдук тобу Усмановго турак жай таап берип, кайдыгар эмес адамдар көмөк көрсөтүп жатышат.
"Бирок балдарымды Өзбекстанга алып кетүү үчүн менде документ жок. Аялым күрөөгөбү же карызгабы биздин нике күбөлүгүбүз менен балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берип салыптыр", – деп кошумчалады ал.