Ссылки доступа

Өлкөдө менчик медициналык мекемелер текшерилет


Саламаттык сактоо министрлигинде түзүлгөн жумушчу комиссия жеке менчик медициналык жайларды текшере баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Азаттыкка" маалымдады.

"Сарыктын оор түрлөрү, керек болсо ВИЧ жуктурган учурлар бар. Көбүнчө стоматология, косметология сыяктуу клиникалардан жуктурушат. Алар бизнес сыяктуу кабыл алынып, эч ким текшербейт экен. Бул маселени тыкыр текшерип чыгышыбыз керек", - деди Байсалов.

18-июнда Улуттук госпиталда 41 жаштагы аял көз жумган. Жакындарынын айтымында, маркум менчик клиникадан липосакция операциясын жасаткандан кийин өзүнө келе албай, эс-учун жоготкон абалда госпиталга жеткирилгенден соң каза болгон.

Май айында Саламаттык сактоо министрлиги лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабыларын билдирген. Мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинет менен клиника аныкталганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG