Долбоордо 2030-жылга карата алматылыктардын орточо кирешесин 360 миң теңгеге (азыркы курс боюнча 760 доллар) көбөйтүү каралган. Бул тууралуу Информбюро кабарлады.
Алматы бийлиги 2025-жылга карата аймактык дүн өнүмдү 20 миң доллардан ашырууну, 2030-жылга карата 25 миң долларга жеткирүүнү пландоодо.
Баяндамага ылайык, жыл башынан бери Алматыда инфляция деңгээли 8,8 пайыз болгон. Алматылыктардын 25 пайызы социалдык медициналык камсыздандырууга ээ эмес. Көмүскө экономиканын аймактык дүң өнүмгө карата үлүшү – 28,3 пайыз.
Алматыда 2021-жылы орточо айлык 157,9 миң теңге (340 доллар) болгон. Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде бул көрсөткүч 285,4 миң теңгеге жеткен деп көрсөтүлгөн.
Алматыга жыл сайын 400 мин киши иш издеп келери айтылган. Шаарда мектептер, бейтапканалар жетишсиз экени көрсөтүлгөн. Ага карбай акимчилик Алматы дүйнөдөгү акылдуу 50 шаардын катарына кирет деген ишенимде.