Ссылки доступа

Казакстан сенаты каржы пирамидасын жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү мыйзам долбоорун кабыл алды


28-июнда парламент сенатынын депутаттары "каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү" маселелери боюнча мыйзам долбоорун эки окууда кабыл алды.

Документ каржы пирамидасын түзүү үчүн жоопкерчиликти күчөтөт жана аларды жарнамалоо үчүн кылмыш жоокерчилигин киргизет. Мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору кабыл алынса каржы пирамидаларынын жарнамасы үчүн 1000ден 3000ге чейинки (20 миң долларга чейин) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат. Жазанын башка бир түрү 1200 саатка коомдук жумуштарга тартуу, ошондой эле үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу болот. Каржы пирамидасын түзүү жана жетектөө үчүн 12 жылга чейин түрмөгө камоо (азыр жаза 10 жыл) пландалууда. 15-июнда аталган мыйзам долбоорун мажилис колдогон.

Каржы пирамидаларын жарнамалоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү белгилүү вайнерлерге иш ачылгандан кийин тез-тез сунуштала баштаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча вайнерлер Mudarabah Capital каржы пирамидасынын жарнамасына катышып, анын тең кожоюндары катары киреше алып турушкан.

11-апрелде ушул каржы пирамидасына алданып калганын айтып чыккан аял өзүнө өрт койгон.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, ал аялдын үй-бүлөсү каржы пирамидасына 45 миң доллардай акча салып, ала албай калган.

Кийинчерээк Mudarabaн Capital компаниясынын иши боюнча блогерлер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязов камалган.

Казакстандын каржы көзөмөлү агенттигинин маалыматына караганда, быйыл 17 миңдей казакстандык 27 миллиарддай теңгени каржы пирамидаларына салган.

XS
SM
MD
LG