Ссылки доступа

Өзбекстанда ЖМКлар киреше салыгын төлөөдө 50% жеңилдик алышат


Өзбекстанда быйыл 1-июлдан 2025-жылдын 1-июлуна чейин жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) үчүн киреше салыгы 50% азайтылат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 27-июнда кол койгон "ЖМКларды колдоо жана журналистика тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу" токтомдо жазылган.

Документте бул жеңилдетүү жарнамалык мүнөздөгү ЖМКларга тиешелүү эмес экени белгиленген.

"Чет өлкөлөрдөн алынып келине турган бир катар типографиялык жабдуулар, заманбап фото жана радиоберүү техникалары, ошондой эле кагаз бажы төлөмдөрүнөн бошотулат. Мындан тышкары активдүү журналисттерге дем берип, алардын ортосунда чыгармачыл атаандаштыкты калыптандыруу үчүн ЖМКга жарыяланган 100 мыкты макаланын авторлоруна квартал сайын 50 базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылып турат", – деп жазылган токтомдо.

2023-жылдан тарта ар жылкы "Алтын калем" улуттук сыйлыгынын баш байгесине автоунаа коюлат. Биринчи орун үчүн 200 базалык эсептик көрсөткүч, экинчи орунга 175 базалык эсептик көрсөткүч жана үчүнчү орун үчүн 150 базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырыла баштайт.

Өзбекстанда 27-июнда Басма сөз жана ЖМК кызматкерлеринин күнү белгиленди. Бул күнү президент Мирзиёев бир катар журналисттерди ардак наамдар, ордендер жана медалдар менен сыйлаганы кабарланды.

Эл аралык уюмдар Өзбекстанды сөз эркиндиги жок өлкөлөрдүн бири катары эсептеп келишет. Алсак, "Чек арасыз кабарчылар" уюму басма сөз эркиндиги боюнча быйылкы рейтингинде Өзбекстанды 133-орунга жайгаштырган. Бул былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка жогору.

"Чек арасыз кабарчылар" баяндамасында Өзбекстанда блогерлерге карата коркутуулар уланып, айрымдары камакка алынып жатканын белгилеген.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG