Ссылки доступа

Өзбекстан 2025-2026-жылдарга карата газ экспортунан толук баш тартууну пландап жатат


Өзбекстан 2025-2026-жылдары газ экспортунан толугу менен баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу "Узтрансгаз" компаниясынын башчысы Бехзот Нарматов билдирди.

"Ички керектөө өсүп жатканына байланыштуу жакынкы келечекте Өзбекстанда өндүрүлгөн газ толугу менен ИДӨнүн (ички дүң өнүмдүн) туруктуу өсүүсүн камсыз кылууга багытталышы мүмкүн. Ооба, экспорт бар, бирок биздин экономиканын динамикасы башка. Биз иш орундарын түзүшүбүз керек. Газды кайра иштетип, наркы кыйла жогору продукцияларды өндүрүүгө боло турган шартта аны таза түрдө экспорттоо экономикалык жактан канчалык пайдалуу болот?", – деди Нарматов.

Анын айтымында, газ экспорту 2025-2026-жылдары токтотулушу мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Өзбекстанда өндүрүлгөн газдын болжол менен 10% жакыны Кытайга экспорттолот. Нарматов бул көрсөткүч Өзбекстандын ички керектөөсүнө жана жыл мезгилдерине жараша өзгөрүп турарын белгиледи. Анын айтымында, адатта кышкысын экспорттоло турган газдын көлөмү азайып, жайында көбөйүп турат.

"Өзбекстанда иштеп жаткан айрым компаниялардын алдында биздин милдеттенмелерибиз бар. Тактап айтсам, көмүрсуутек өндүрүү боюнча инвестициялык долбоорлорду колдоо үчүн биз алардын газынын экспортун камсыз кылышыбыз керек (газ өлкө ичиндегиге караганда сырткы базарга кыйла кымбат сатылат – ред.). Биз аларды ички базарга багыттасак деле болмок, бирок жогоруда айтылгандай келишимдердин шарттарын аткарышыбыз керек", – деди Нарматов.

2020-жылы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов газ экспортун 2025-жылга карата токтотуп, аны өлкө ичинде кайра иштетип, баасы жогорураак боло турган продукцияларды өндүрүү планы жөнүндө айткан.

XS
SM
MD
LG