Ссылки доступа

Казакстандын маалымат министри журналисттерди сыйлоо туура деп эсептейт


Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аскар Умаров “Азаттыктын” казак кызматынын суроосуна жооп берип жатып, мамлекеттик органдардын журналисттерди сыйлоосу маалыматтын бейтараптуулугуна таасирин тийгизбей турганын айтты.

— Сыйлыкты дарыгерлер да, полициячылар да алып жатат. Журналистика – бул кесип. Эгер биздин журналисттерибизди баалса, албетте, аларды куттукташат, сыйлашат. Биздин медиатармак соңку кезде жакшы өнүгүп, жакшы натыйжаларды көрсөтүүдө, жакшы журналисттер да пайда болду. Аларды неге сыйлап, куттуктаса болбосун?, - деди Аскар Умаров.

“Азаттыктын” аткаминерлерден сыйлык алган журналисттер объективдүү жана көз карандысыз боло алабы” деген суроосуна министр “мындай сурамжылоо жүргүзбөгөнүн” айтты.

— Бирок болот деп ойлойм. Баары сыйлык алууда. Маселен, кече "БЕСсимптомно" (5Media) телеграм-каналынын автору Серикжан Маулетбай сенаттын сыйлыгын алды. Ал объективдүү жана көз карандысыз журналист го, - деди министр.

Маалымат министри өкмөт үйүнүн далисинде мамлекеттик ЖМКларды колдоо үчүн 50 млрд теңге бөлүнөрүн да кабарлады.

Өткөн аптада Казакстанда мамлекеттик маалымат саясаты үчүн 300 млрд теңге бөлүнөрү тууралуу айтылган.

Казакстан "Чек арасыз кабарчылар" жыл сайын түзгөн "Сөз эркиндигинин индексинин" көрсөткүчү боюнча 180 өлкөнүн ичинде 122-орунда турат.

XS
SM
MD
LG