Ссылки доступа

Орусияда кармалган "Тажик борбордун" ыктыярчысы мекенине депортацияланышы мүмкүн


Иззат Амон менен Эмомали Холов. Архив сүрөт
Иззат Амон менен Эмомали Холов. Архив сүрөт

Учурда түрмөдө отурган укук коргоочу Иззат Амондун Орусиядагы мурдагы кесиптеши Тажикстандын суроосу боюнча Курск облусунда кармалды.

Эмомали Холовдун туугандары ал жакын арада Душанбеге депортацияланышы ыктымал деп кооптонушууда.

Тажик бийлиги бул маалымат боюнча комментарий берген жок. Бирок Орусияга жолдогон өтүнүчүндө 2021-жылдын март айында ага издөө жарыяланганы жазылган. Жакындарынын айтымында, Холов экстремизмге шектелүүдө.

30 жаштагы Эмомали Холов 11 баланын атасы, бир нече жылдан бери Орусияда жашайт. Ал Иззат Амон жетектеген “Тажиктер борборунда” ыктыярчы болгон жана коронавирус пандемиясы учурунда мигранттарга жардам берип жүргөн.

Эмомали Холовдун аялы Дилором Боймухаммедованын айтымында, ал 26-майда кармалган. Ошондон бери камакта. Сот анын мындан аркы тагдыры боюнча чечим чыгара элек.

2021-жылы жазында Орусиядан Тажикстанга депортацияланган белгилүү тажик укук коргоочусу Иззат Амон ири көлөмдөгү алдамчылык айыбы менен 15 жылга соттолгон. Укук коргоочу соцтармактарда тажик бийлигин сындап келген.

XS
SM
MD
LG