Ссылки доступа

Казакстан: курулуп жаткан газды кайра иштетүүчү завод мамлекеттин менчигине өтөт


Казакстандын Кашаган кенинде газды кайра иштетүүчү завод куруп жаткан GPC Investment компаниясы мамлекеттин менчигине өтөт. Тиешелүү токтомду казак өкмөтү кабыл алды.

"Тартуулап берүү келишими боюнча GPC Investement'тин уставдык капиталындагы акциялардын 100% мамлекеттин менчигине өткөрүү тууралуу TauBerekeGroup компаниясынын сунушу кабыл алынсын", – деп жазылган токтомдо.

GPC Investment компаниясы Кашаган кенинде кубаттуулугу 1,15 миллиард куб метрди түзгөн газды кайра иштетүүчү завод куруу долбоорун ишке ашырып жаткан. Заводдун курулушун 2021-жылдын аягына чейин аяктоо пландалган. Бирок GPC Investement курулуш иштерин улантуудан баш тарткандыгына байланыштуу ал QazaqGaz улуттук компаниясынын балансына өтөт.

"Бул ички базарды калкка жеткиликтүү баадагы товардык жана суюлтулган газ менен камсыз кылууга, ошондой эле заводдун курулуш долбоорун тез арада ишке ашырууга мүмкүндүк берет", – деп билдирди казак өкмөтү.

14-июнда өлкөнүн Энергетика министрлиги аталган заводду мамлекеттин эсебинен куруп бүткөрүү чечими кабыл алынганын билдирген.

КазТАГ агенттигинин мааалыматына караганда, Кашаган кенине газды кайра иштетүүчү завод курууну улуттук "КазТрансГаз" компаниясын жетектеп турган кезинде Кайрат Шарипбаев лобби кылган. Ал Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын бейрасмий күйөөсү экени айтылып келет.

Petrocouncil тармактык басылмасы Шарипбаев кезинде "газ жеткирүү боюнча NCOC компаниясы менен, ошондой эле газды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна насыя алуу боюнча Казакстандын өнүгүү банкы менен макулдашууга жетишкенин" жазган. Басылма эксперттердин пикирине таянып, экс-президенттин күйөө баласы "КазТрансГаз" башчылыгынан кеткенден кийин газды кайра иштетүүчү заводдун тагдыры күмөн болуп калганын белгилеген.

Июндун башында аталышы QazaqGaz деп өзгөртүлгөн мурдагы "КазТрансГаз" компаниясынын жаңы жетекчилиги ишканада 2,2 миллиард долларлык мыйзам бузуу аныкталганын билдирген. Кайрат Шерипбаев бул компанияны 2014-жылдан 2022-жылдын январь айынын ортосуна чейин жетектеген.

Жыл башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Январь окуяларынын тутанышына себеп болгон "суюлтулган газдын кымбатташына жол берген өкмөттүн, анын ичинде Энергетика министрлиги менен "КазТрансГаз" компаниясынын да күнөөсү бар экенин" билдирген.

XS
SM
MD
LG