Ссылки доступа

Өкмөт үйүнүн алдында казиного каршы акция өттү


Бүгүн 29-июнда Өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстанда казино ачууга каршы акция өттүө. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, акцияга онго чукул адам катышты.

Кыргызстанда казинолордун ишине 2012-жылы тыюу салынган. Мындай чечимди кабыл алууга кумар оюндарынын кесепетинен үй-жайынан, колдо бар мүлкүнөн ажыраган адамдардын жакындарынын кайрылуулары себеп болгону айтылган.

Өкмөттүн кумарканаларды кайра ачуу тууралуу сунушу 22-июнда парламентте экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат "макул", тогузу "каршы" болгон. «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан беш депутат добуш берген эмес.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG