Ссылки доступа

Казакстанда Январь окуяларында 238 киши өлгөн


Январь окуяларында 232 адам каза болуп, дагы алты киши кармалгандан кийин абактагы кыйноолордон улам өлгөн. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Асет Чиндалиев 29-июнда билдирди.

Анын айтымында, кыйноо фактыларына байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин сегиз офицери жана бир полиция кызматкери кармалган. Дагы 15 офицер "митингге чыккан адамдарды кыйнаган" жана "аларды мыйзамсыз жолдор менен суракка алган" деп шектелүүдө.

Буга чейин Башкы прокуратура кандуу тополоңго байланыштуу кармалган 25 киши кыйноого кабылганы ырасталганын, тергөөчүлөр аларды ысык үтүк менен кыйнаганын билдирген. Январь окуяларында кармалып, кайра бошотулган кыргыз жарандары да кыйноого туш болгону ачыкка чыккан.

Казак бийлигинин буга чейинки маалыматында Январь окуяларында 230 киши, алардын арасында 19 укук коргоо кызматкери каза тапканы айтылган болчу.

Жыл башында суюлтулган газдын кымбатташына каршы алгач Жаңы-Өзөн аймагында башталган нааразылык акциялары тез арада Казакстандын башка аймактарына жайылып, чоң толкундоого жол ачкан. Митингдер Алматы шаарында кагылышуулар жана тополоң менен коштолуп, президент Токаев буга "террорчуларды күнөөлөгөн" жана "эскертүүсүз ок атууга" уруксат берген.

Январь окуяларынан кийин 81 жаштагы мурдагы президент Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектөө сыяктуу ыйгарым укуктарынан жана таасиринен ажыраган. Кезинде анын ордун басат деген тун кызы Дарига Назарбаева өңдүү жакын туугандары да жогорку кызматтарынан кол жуушкан.

Видео

Видео

Соң-Көл жайлоосундагы бала бакчалар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:40 0:00
XS
SM
MD
LG