Ссылки доступа

Хива шаары Ислам дүйнөсүнүн туристтик борбору деп жарыяланды


Ислам кызматташтык уюмунун XI сессиясында Хива шаарын 2024-жылдагы "Ислам дүйнөсүнүн туризм борбору" деп жарыялоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын Туризм жана маданий мурастар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө өзбек өкмөтүнүн Хиванын тарыхый көрүнүшүн калыбына келтирүү, туристтердин чоң агымына шарттарды түзүү, инфраструктурасын жакшыртуу, беш жылдыздуу мейманканаларды, бутик-отелдерди жана хостелдерди куруу иштери өзгөчө белгиленген.

Ислам дүйнөсүнүн туризм борбору жылынын алкагында Хива шаарында уюмга мүчө 57 өлкөнүн туризм министрлеринин жыйыны, ошондой эле Өзбекстандагы зыярат туризминин потенциалын ачууга багытталган илимий конференциялар, практикалык семинарлар, сүрөт көргөзмөлөр жана арт-экспозициялар өткөрүлөт.

Ислам дүйнөсүнүн туризм борбору наамы үчүн Хивадан тышкары дагы төрт шаар ат салышкан: Абу-Даби (БАЭ), Шанлиурфа (Түркия), Лагос (Нигерия) жана Душанбе (Тажикстан).

XS
SM
MD
LG