Ссылки доступа

АКШ Орусияга микросхемаларды саткан өзбек компаниясына санкция салды


АКШ Өзбекстандагы Promcomplektlogistic компаниясын санкцияга кирген ишканалардын тизмесине кошту. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин расмий сайты кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө АКШ 3-мартта Орусиянын коргонуу өнөр жайына керектүү жабдууларды жеткиргени үчүн орусиялык "Радиавтоматика" компаниясына санкция салганы жазылган. Бирок Өзбекстандын Promcomplektlogistic компаниясы тыюу салынган жабдууларды "Радиавтоматикага" жеткирип берип, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүүсүнө жардам берген.

"Promcomplektlogistic'тин санкциялык тизмеге киргизилиши – дүйнөдөгү бардык компаниялар үчүн эскертүү болду. Эгер санкцияга кабылган юридикалык же жеке жак менен бизнес жүргүзсөңөр, анда силерге да санкция киргизилиши мүмкүн", – деп жазылган билдирүүдө.

Санкцияга ылайык, Promcomplektlogistic'тин АКШдагы бардык активдери камакка алынып, америкалык компаниялардын баарына аны менен иш жүргүзүүгө тыюу салынат.

Ачык маалыматтарга караганда, 2018-жылы негизделген Promcomplektlogistic компаниясы транспорттук кызматтарды көрсөтүү менен алектенет. Ташкентте катталган бул компаниянын жалгыз ээси Олег Грабилин деп көрсөтүлгөн. Ал Орусияда да бир нече компанияга ээлик кылат.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG