Ссылки доступа

Нур-Султандагы жеңил рельстүү транспорт системасын куруп бүткөрүүгө $577 млн талап кылынат


Нур-Султан шаарындагы жеңил рельстүү транспорт системасы (LRT) курулуп бүткөрүлөт, ал үчүн 577 миллион доллар талап кылынат. Бул тууралуу калаа акими Алтай Кульгинов билдирди.

"Кытайлык өнөктөштөр үзгүлтүксүз каржылоо болсо эки жылдын ичинде куруп бүткөрүп, пайдаланууга бере тургандыктарын билдирип жатышат", – деди Кульгинов.

Анын айтымында, учурда каржылоонун жоктугунан улам жеңил рельстүү транспорт системасынын курулушу токтоп турат. Бүгүнкү күнгө карата анда ар бири 200 тонналык 500 тирөөч орнотулуп, жалпысынан 1 миллиард долларга жакын каражат жумшалган.

"Курулуш-монтаж иштерин аткарганы үчүн кытай консорциумуна 116 миллион доллар карыз төлөнүп бериле элек. Мындан тышкары 270 миллион долларга жакын каражаттын дайыны чыкпай жатат. Азыр алар боюнча иштер жүрүүдө", – деди аким.

Кульгинов LRT алгач бекитилген план боюнча курулбай турганын, анткени андагы станциялардын санын 18ден сегизге чейин кыскартуу каралып жатканын билдирди.

"Бул системаны тейлөөнүн бир жылдык чыгымы 3 миллиард теңгени түзөт. Курулуп бүткөндөн кийин жеңил рельстүү транспорт менен күн сайын 25-30 миңдей киши пайдаланат деп күтүлүүдө", – деди аким.

Жеңил рельстүү транспорт системасы (LRT) Нур-Султандын башкы транпорттук системасы болмок. Бул курулушу үзгүлтүккө учураган. Долбоордогу коррупция үчүн бир нече аткаминерге иш козголуп, айрымдары чет өлкөгө качып кеткен.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен азыркы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев баш калаадагы 1,8 миллиард доллар турган бул долбоордун баасын жана инвестициялык тобокелчиликтерин айтып сындаган.

Казакстан Нур-Султан шаарындагы бул биринчи жеңил рельстүү транспорт системасын (LRT) куруш үчүн Кытайдан 1,5 миллиард доллар алган.

XS
SM
MD
LG