BuildServiceCom – "Эмбамунайгаз" компаниясынын түзүмдүк-өндүрүштүк бөлүмү болуп эсептелген "Доссормунайгаз" башкармалыгына жалданып иштеген компания.
27-июнда башталган иш таштоого 20дан ашык киши катышууда. Автоунааларын ижарага бергендер айлыктарды ар бир айдын 10-15-күнүнөн кеч эмес төлөп берүүнү талап кылууда. Айдоочулар айлыктын кечиктирилишинен тышкары пенсиялык төлөмдөр чегерилбей, түнкү нөөмөттө иштөө үчүн кошумча төлөм берилбей жатканына даттанууда. Алардын айтымында, талаптары аткарылмайынча нааразылыкты уланта беришет.
BuildServiceCom компаниясынын өкүлү Дамир Балтабаев автоунааларын ижарага бергендерге айлыктар иштин аткарылганы тууралуу актыга кол коюлгандан кийинки 30 күндүн ичинде төлөнөрүн билдирди. Анын айтымында, пенсиялык төлөмдөрдүн чегерилбей калышына Январь окуялары жана февралда айлыктардын 20% жогорулаганы себеп болгон.
"Каржы кыйынчылыктарына байланыштуу пенсиялык төлөмдөрдү жарым жылда бир төлөөнү чечтик. Жумушчулардын буга чейинки пенсиялык төлөмдөрү бүгүн чегерилди. Айлыктар болсо түнкү нөөмөткө чыкканы тууралуу актыларга ылайык төлөнүп берилет. Азыр биз милдеттерин аткарбаган жумушчулар менен келишимдерди токтотуу маселесин карап жатабыз. Жумушчулар менен жолугушуу үчүн Доссор айылына чыгып жатам", – деди Балтабаев.