Ссылки доступа

Кыргызстанда компьютерлерди, принтерлерди жана Wi-Fi роутерлерди чыгаруу пландалууда


Кыргызстанда компьютерлерди, принтерлерди жана Wi-Fi роутерлерди чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында билдирди.

Жапаровдун айтымында, "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун колдоосу менен тигүү жана эмерек жасоо тармактары үчүн фурнитуралар менен көмөкчү материалдарды өндүрүү, көп функционалдуу принтерлерди, Wi-Fi роутерлерди, көзөмөл-кассалык аппараттарды, персоналдык компьютерлерди, ошондой эле башка инновациялык элементтерди чыгаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.

"Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги тоо-кен, гидроэнергетика, билим берүү, туризм өңдүү тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашырууга ниеттенип жатат. Ошондой эле жакында түзүлгөн Туризмди өнүктүрүү фонду быйыл 34 долбоорду, анын ичинде 10 инфраструктуралык жана 9 маалыматтык долбоорду ишке ашырууну баштайт", – деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кара-Балта килем комбинатынын базасында синтетикалык, жарым синтетикалык кездемелерди жана тигүү буюмдарын чыгарууга багытталган текстилдик кластерди ишке киргизүү боюнча да иштер жүрүп жатканын айтты.

"Токтоп турган ишканаларды сатып жибербей, ишке киргизүү саясатына өттүк. Бир мисал: Майлуу-Суу лампа заводун кыргыз мамлекети өзүнө кайтарып алды. Азыр мамлекеттик ишкана болуп калды. Бул завод – шаар түзүүчү (градообразующий) ишкана болот. Модернизацияга 1 млрд. сом карадык. Кара-Балта ремзаводу, Кара-Балта шаарындагы "Даназык" ишканасы мамлекетке кайтарылды", – деди төрага.

Жапаровдун айтымында, мындан тышкары пахта-текстилдик кластерди түзүү боюнча маселе иштелип жатат. Анын базасында пахта тазалоочу заводду, жип чыгаруу фабрикасын, текстилдик фабриканы жана машина-трактор паркын, ошондой эле май чыгаруучу заводду уюштуруу пландалууда.

XS
SM
MD
LG