Ссылки доступа

Январь окуялары: "Жапырт башаламандык" боюнча 58, "Терроризм актысы" боюнча 8 кылмыш иши тергелүүдө


Казакстанда Январь окуялары боюнча "Жапырт башаламандык" беренеси менен 58, "Терроризм актысы" беренеси менен сегиз кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу 30-июнда өлкөнүн Башкы прокуратурасынын өкүлү Елдос Килымжанов билдирди.

Анын айтымында, Кызылордо облусунда аскер кызматкеринин өлүмүнөн кийин "Терроризм актысы" беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда.

Мындан тышкары Чымкентте 35 шектүүнүн иши сотко өтүп, баары түрдүү жазаларды алышкан. Прокуратуранын өкүлү аларга кайсыл беренелер боюнча айып тагылганын жана жаза мөөнөттөрү кандай экенин тактап айткан жок.

"Жазаны жеңилдетүүчү жагдайлар жок учурларда прокурорлор соттон эркинен ажыратууга байланышпаган жазаларды берүүнү өтүнүп жатышат. Мындан тышкары процессуалдык макулдашуу институту да кеңири колдонулууда", – деди Килымжанов.

Анын айтымында, Кызылордо облусунда күнөөлөрүн мойундарына алуу тууралуу процессуалдык макулдашуу түзүү менен 42 шектүүнүн иши сотко жөнөтүлдү. Ушундай эле процедура менен Алматы облусунда 15, Жамбыл облусунда сегиз, Актөбө жана Чыгыш Казакстан облустарында үчтөн кишинин иши сотко жөнөтүлгөн.

Килымжанов 55 кишиге карата эркинен ажыратууга байланышпаган жаза чегерилгенин белгиледи. Бүгүнкү күнгө карата Январь окуялары боюнча жалпысынан 392 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 445 киши соттолду.

"Алардын ичинен бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мүлктөрдү талкалоо сыяктуу оор кылмыштарды жасаган 46 киши абакка камалды. Январь окуялары боюнча жалпысынан миңден ашык шектүү болгон. Бүгүнкү күндө 514 адам камакта. 284 киши жашаган аймагынан чыкпоо, үй камагы, жеке кепилдик жана күрөө төлөө шарттары менен тергөө абактарынан чыгарылган", – деди Килымжанов.

29-июнда Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Асет Чиндалиев Январь окуяларында 232 адам каза болуп, дагы алты киши кармалгандан кийин абактагы кыйноолордон улам өлгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG