Ссылки доступа

Мамдума пенсиялык камсыздандыруу тууралуу Тажикстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялады


Орусиянын Мамлекеттик Думасы пенсиялык камсыздандыруу тууралуу Тажикстан менен түзүлгөн келишимди ратификациялады.

Орус президенти Владимир Путин бул документке кол койгондон кийин Орусия мыйзамдуу иштеп, пенсиялык фондго акча которуп жүргөн тажик мигранттарына мекенине кайткандан кийин да пенсия төлөп бере баштайт.

Тараптар былтыр сентябрда кол койгон бул документти Тажикстандын парламенти быйыл апрелде ратификациялаган.

"Эки тарап үчүн тең милдетүү талап – бул жарандардын социалдык салыктарды төлөшү. Пенсиянын көлөмү жарандын иштеп тапкан акчасына, социалдык төлөмдөрүнө жана иш тажрыйбасынын узактыгына жараша болот", - деп билдирген буга чейин Тажикстандын Социалдык камсыздандыруу жана пенсия төлөп берүү агенттигинин башчысы Дилмурод Давлатзода.

Орусиянын маалыматына караганда, учурда бул өлкөдө жүргөн тажикстандык мигранттардын саны 1 миллиондон ашат. Алардын айрымдары орус жарандыгын алышкан.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG