Ссылки доступа

Өзбекстанда ири мунай кени табылды


Өзбекстандын Навои облусундагы Зерафшан ойдуңунда өтө илээшчек мунай менен битумдун ири кени табылды. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, кенди Sanoat Energetika Guruhi (SEG) жана Kontiki-Exploration компаниялары биргеликте табышкан. Ал келечекте Борбор Азиядагы эң жогорку технологиялуу кен болот деп пландалууда. Андагы битум мунайдын запасы болжол менен 100 миллион тоннага бааланууда.

"Битум мунайын казуунун жылдык максималдуу деңгээли 2025-жылга карата 1 миллион тоннаны түзөт деп болжолдонууда. Мындай көлөмдү камсыз кылуу үчүн жылына 1500 скважина бургулоо пландалып жатат. Кенди өздөштүрүү үчүн жакынкы 12 жылдын ичинде салына турган инвестиция 2,5 миллиард долларга бааланууда", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, бул долбоорду ишке ашыруу Самарканд жана Навои облустарынын аймагында 15-майда башталган. Бургулоо иштеринин жүрүшүндө альб, сеноман жана турон дооруна таандык шагыл жана кум катмарлары ачылган. Анын баары мунайга жана өтө илээшчек мунай менен битумга каныккан болуп чыккан.

Бул долбоорго канадалык McDANIEL жана GenOil, америкалык BYIS Manufacturing жана O’NEILL Industries, орусиялык Energy and Engineering жана Veraton I.T.C компаниялары катышкан.

Учурда ал жерде кенди казып алуунун ыкмасын аныктоо үчүн геологиялык чалгындоо иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG