Ссылки доступа

Июнда теңге 13 пайызга арзандады


Июнь айынын жыйынтыгы менен Казакстандын улуттук валютасы 13,3 пайызга кунун жоготуп, 470,24 теңге 1 долларды түздү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы кабарлады.

Казакстан фондулук биржасында соода бир айда 115 миллион доллардан 96,4 миллион долларга азайды. Валюта соодасы июнда жалпысынан 2,1 миллиард долларды түзгөн.

Улуттук банк маалымдагандай, мунай-газдын баасы жакшы болгону менен валютанын чектелүү сунушу жана валютага суроо-талап бир эле маалда көбөйгөн шартта теңгенин куну төмөндөгөн.

Казакстандын башкы каржы мекемеси июнда ички валюта рыногунда интервенция жасалбаганын да кабарлады. Улуттук банк пенсия жана башка активдер үчүн чет өлкөлүк валюталарды сатуу жана сатып алуу да болбогонун белгиледи.

XS
SM
MD
LG