Ссылки доступа

Мамдумага "аскердик операциялар" маалындагы атайын экономикалык чаралар жөнүндө мыйзам долбоору киргизилди


Орусиянын өкмөтү Мамдумага "контртеррористтик же башка операциялар" маалында атайын экономикалык чараларды көрүү жөнүндө мыйзам долбоорун киргизди. Документ парламенттин төмөнкү палатасынын базасына жарыяланды.

Аткаруу бийлиги мындай учурларда атайын ыйгарым укуктарды алууну көздөп жатат. Анын алкагында Эмгек кодексине да тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Анда түн ичинде, дем алыш жана майрам күндөрү иштөө шарттары аныкталып, жыл сайын акы төлөнө турган эмгек өргүүнүн эрежелери белгиленет.

"Өзгөчө операциялар" маалында жеке компаниялар товар жана кызмат көрсөтүү боюнча мамлекеттик келишимдерден баш тара алышпайт.

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө документ Донецк, Луганск аймактарындагы жана Украинадагы атайын операция учурунда, аскер техникасын ремонттоого суроо-талап күчөгөндүгүнө байланыштуу киргизилгени айтылган.

Oryx аналитикалык долбоорунун маалыматына караганда, согуш учурунда Орусия 4462 даана техникасын жоготкон.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG