Ссылки доступа

Каракалпакстанда бир айга өзгөчө абал жарыяланды


Каракалпакстандагы нааразылык акцияларынын артынан бир айга өзгөчө абал киргизилгенин жергиликтүү басылмалар кабарлашты. Кечки саат 9дан эртең мененки саат 7ге чейин коменданттык саат жарыяланды.

Улуттук гвардиянын колбашчысы Рустам Жороев комендант болуп дайындалды.

Президенттин жарлыгына ылайык, өзгөчө абал 3-июлдан 3-августка чейин уланат. Каракалпакстанга кирип-чыгуу токтоп, бардык массалык иш-чараларга тыюу салынды.

2-июль күнү элдик нааразылыктар өтүп жаткан Каракалпакстандын борбору Нукус шаарына барган президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын Конституциясынын Каракалпакстандын макамына байланыштуу беренелери өзгөрүүсүз кала турганын билдирген.

26-июнда Конституциянын Каракалпакстан боюнча жаңы редакциясынын коомдук талкууга коюлган беренелери Өзбекстандын курамындагы бул автономдуу республиканын тургундарынын нааразычылыгын жараткан.

Социалдык түйүндөрдөгү кызуу талкуулардан кийин 1-июлда Нукуста жапырт демонстрациялар башталган. Айрым интернет колдонуучулары Каракалпакстандын аймагына Куралдуу күчтөрдүн аскердик техникасы кирип жатканы тууралуу видеолорду жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG