Ссылки доступа

Казакстанда каракалпакстандыктарды колдоп чыккан эмгек мигранттары кармалды


1-июлда Атырау шаарынын борбордук аянтындагы митингден кийин ондогон киши кармалганы белгилүү болду. Кармалгандардын бир бөлүгү сурактан кийин бошотулган. Бул тууралуу Атырау облустук полиция департаменти кабарлады.

Жергиликтүү басылмалар митингге чыккандар Атырау шаарында иштеген каракалпакстандыктар экенин жазышты. Алар Ташкент сунуштаган конституциялык реформаларга нааразы болгон мекендештерине тилектештик билдиришкен.

“Аянтка 75тей киши чыкты. Алар уруксатсыз митинг өткөрүштү. Көбү кармалды, сурактан кийин бошотулушту. Ушул тапта бизде “Мигрант” аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өтүп жатат. ” Кармалгандардын арасында Атырау облусунда документсиз иштеп жүргөндөр болгон. Аларга административдик айып пул салынды. Көбү бошотулду, айрымдары соттун чечими күтүп жатышат”, - деп билдирди департамент.

Полиция департаменти кармалгандардын арасында өзбекстандыктардан башка да чет өлкөлүк жарандар болгонун кошумчалады.

Каракалпакстандагы нааразылыктарга байланыштуу Өзбекстан Казакстандын Маңгыстау облусундагы чек ара өткөрмө бекетин жапкан.

XS
SM
MD
LG