Ссылки доступа

47 миң кыргызстандык жаран Орусиянын "кара тизмесинен" чыгарылды


47 миң кыргызстандык жаран Орусиянын "кара тизмесинен" чыгарылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай бул май айындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.

Кайрадан Орусияга кирүүгө уруксат алган кыргызстандыктар "анча маанилүү эмес" административдик жоруктары үчүн расмий Москва тарабынан "кара тизмеге" киргизилген.

Маалыматка ылайык, учурда дагы 35 миңге чамалуу кыргызстандык жаранга Орусияга кирүүгө тыюу салынган. Алардын басымдуу бөлүгү сот чечими менен аталган өлкөдөн депортация болгон.

Кыргызстандыктар өздөрүнүн макамын Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу миграция башкармалыгынын сайтынан текшере алат.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирген кыргызстандыктардын саны 2017-жылы 100 миң адам, 2020-жылы 60 миң, 2021-жылы 74 миң экени айтылган.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган.

XS
SM
MD
LG