Ссылки доступа

Мирзиёев Каракалпакстандагы жоготуулар тууралуу айтты


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандагы башаламандыктардагы жоготуулар тууралуу үн катты. Маалымат кызматы 3-июлда таратка билдирүүсүндө президент канча адам мерт кеткенин же жарадар болгонун айткан эмес.

"Тилекке каршы, жайкын тургундардын жана коопсуздук кызматкерлеринин арасында дагы жоготуулар бар",- деген Мирзиёев.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду.

Азыркы Баш мыйзамда Каракалпакстан Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деп мүнөздөлгөн. Анын суверенитети Өзбекстан тарабынан корголору жазылган. Бирок жаңы сунушталган конституциялык өзгөртүүлөрдүн долбоорунан бул мүнөздөмөлөр алынган.

1-июлда бул өзгөртүүлөргө каршы республика борбору Нукуста миңдеген адамдардын катышуусунда жапырт акция өттү. Социалдык тармактарга Каракалпакстандын башка аймактарында да нааразылык демонстрациялары өткөнү кабарланып, видеолор жарыяланды. Алардын айрымдарында митингге чыккандар күч менен таратылганын көрүүгө болот. Кээ бир тасмаларда күч кызматкерлери курал колдонуп жатканы да чагылдырылган. Бирок бул кадрлар канчалык реалдуу экенин бышыктоо мүмкүн эмес. Нукуста интернет өчүрүлгөн.

Мирзиёев 2-июлда Каракалпакстан республикасынын борбору Нукуска барып, жергиликтүү депутаттар менен жолукту. Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады.

Илимпоздордун айтымында, каракалпактар 11-кылымда Арал деңизинин жээгинде пайда болгон эл. Кыпчак тилинде сүйлөшөт. Ачык булактарда каракалпактардын саны 825 миң адам экени, анын 500 миңге жакыны Каракалпакстандын өзүндө жашай турганы көрсөтүлгөн. Республикада жалпы жонунан 1,8 млн. адам жашайт.

Каракалпак автоном облусу 1924-жылы түзүлүп, 1930-жылга чейин Казак ССРинин курамында болгон. Андан кийин РСФСРдин курамына кошулган. 1936-жылы Каракалпак АССРи Өзбекстандын курамына киргизилген. 1992-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Каракалпакстан Республикасы деп кайра түзүлгөн. 1993-жылы Каракалпакстан Республикасы менен Өзбекстандын ортосунда 20 жылдык мамлекеттер аралык келишим түзүлгөн. Келишимде автономдук республиканын Өзбекстандын курамынан референдум аркылуу чыгып кетүү укугу бекитилген. Каракалпакстандын оппозициялык саясатчылары Өзбекстандын Конституциясынын жаңы редакциясына каршы болушууда. Жаңы өзгөртүүлөргө чет жакта, анын ичинде Казакстанда жашаган каракалпактар да нааразы.

XS
SM
MD
LG