Ссылки доступа

Тажикстанда денесине 26 жолу бычак сайылган келин өзүнө-өзү кол салганы айтылды


Манораи Абдуфаттох
Манораи Абдуфаттох

Тажикстандын Башкы прокуратурасы алдын ала иликтөөдө 25 жаштагы файзабаддык Манора Абдуфаттох өзүн-өзү өлтүргөнү аныкталганын билдирди.

Башкы прокуратура тараткан расмий маалыматта алдын ала бүтүмгө карабай, жаш келиндин өлүмүн иликтөө уланып жатканы айтылат.

Билдирүүдө 2021-жылы 22-июнда үч баланын энеси ижарада турган батиринде "туугандарынын катаал мамилесинен улам" мойнуна жана курсагына бычак сайганы жазылган. Ал кан көп кетип калгандан улам ооруканадан көз жумган.

Маноранын атасы Абдуфаттох Мисоков кызы өзүнө 26 жолу бычак сая алмак эмес деп эсептөөдө. Башкы прокуратура Абдуалимзоданын өлүмүнө мойнундагы жана курсагындагы үч терең жаракат себеп болгонун билдирди.

Манора Абдуфаттохтун артында үч баласы калды, соттун чечими менен алар күйөөсүнүн үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилген. Трагедиялуу окуя учурунда Маноранын күйөөсү Орусияда иштеп жүргөн. Күйөөсүнүн үй-бүлөсү журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.

XS
SM
MD
LG