Ссылки доступа

Алматыда жашаган каракалпакстандыктар суракка чакырылды


Алматыда жашаган каракалпакстандыктар суракка чакырылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы Казакстандын адам укуктары боюнча бюросуна шилтеме кылып билдирди.

Укук коргоочу Андрей Гришиндин айтымында, каракалпакстандык беш активист бюродо маалымат жыйынын өткөрүүнү пландап, бирок кийинчерээк ал оюнан кайтышкан.

Маалымат жыйынын өткөрмөкчү болгон каракалпакстандыктардын бири Рахметтулла суракка чакырылганын ырастады.

"Бүгүн мага шаардык полиция департаментинен телефон чалышты. Мен мыйзам бузбаганымды айтып, эмне каалап жатышканын сурадым. Алар "баш тартсаң, күч менен алып келүүгө кудуретибиз жетет" деп айтышты. Буга чейин мен Каракалпакстандагы абал боюнча кайрылууларды жасап, Конституциядагы тиешелүү беренелер өзгөрүүсүз калышы керектигин айткам", – деди Рахметтулла.

Orda.kz сайты Алматыга Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ыкчам тобу келгенин жазды. Басылманын маалыматына караганда, Өзбекстан ИИМинин Терроризмге жана экстермизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын Каракалпакстандагы бөлүм башчысы Парохат Айпанов Алматыда укук коргоочулар Тома Юлдашеваны, Зивяр Мамбетованы жана активист Кошкарбай Туремуратовду суракка алды. Бул маалыматты Туремуратов Orda.kz сайтына ырастады.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 4-июлда өткөн брифингде билдирди. Маалыматка караганда, 243 киши жаракат алган. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор.

Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын басма сөз катчысы Даврон Жуманазаров 516 киши кармалганын билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган.

Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү болду. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деген макамы алынган.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды.

Видео

Видео

Улуу көчтү улаган вандык кыргыздар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00
XS
SM
MD
LG