Ссылки доступа

Тажикстанда жарандык активисттер смартфондору соттун чечимисиз конфискацияланганына даттанууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда укук коргоо органдары соттун чечими жок эле кеминде үч жарандык активисттин смартфонун жана компьютерлерин конфискациялашты. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, жеке буюмдарын алдырган активисттердин экөө Тоолуу Бадахшан автоном облусунда туулуп-өскөн. Алар жакында эле тергөөчүлөргө сурак берип чыгышкан, бирок расмий түрдө эч кандай айып тагылган эмес.

"Милиция кызматкерлери протокол түзүп, телефонумду алып кетишти. Качан кайтарып берилери айтылган жок. Укук коргоо кызматкерлери соцтармактардагы досторум менен жазышкан билдирүүлөрдү окуп, андагы айрым бир сүйлөмдөрдү таап чыгып, аларды бизге каршы колдонушу мүмкүн", – деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген активисттердин бири.

Азырынча тажик бийлиги бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Мурдараак Тажикстанда блогер Хушруз Жумаевге (Хушом Гулям) смартфонунан табылган жазышуулардын негизинде "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары бир нече берене боюнча айыпталып жаткан блогер Далер Имомалиге да "Фейсбуктагы" жазышууларынан улам "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголгону белгилүү болгон.

Майдын ортосунда Душанбеде белгисиз кишилер "Озоди" радиосу менен "Настоящее Время" телеканалынын кабарчыларына кол салып, алардын кызматтык техникаларын жана жеке смартфондорун тартып алышкан. Журналисттер бул адаттагы каракчылык эмес, телефондор менен видеокамераны алуу үчүн алдын ала уюштурулган атайын акция болгон деп эсептешүүдө.

Буга чейин эл аралык укук коргоо уюмдары тажик бийлигин бир нече жолу жарандык активисттерге карата басымды жана журналисттердин ишине тоскоолдук кылууну токтотууга чакырышкан. Расмий Душанбе мындай чакырыктарга эч кандай реакция кылбай келет.

XS
SM
MD
LG