"Орус жез компаниясынын" президенти Всеволод Левин менен тоо-металлургиялык тармактагы жаңы долбоорлорду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Левин компаниясынын Актөбө облусундагы өндүрүштүк ишмердүүлүгү, ошондой эле Жетысу облусундагы "Көксай" жана Абай облусундагы "Айдарлы" кендериндеги долбоорлорду ишке ашыруу пландары жөнүндө айтып берди", – деп жазылган басма сөз кызматтын премьер-министр Алихан Смаилов менен Левиндин Екатеринбургдагы жолугушуусунан кийин жарыяланган билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, өз сөзүндө премьер-министр Казакстан үчүн "Көксай" жана "Айдарлы" кендеринин иштетилиши чоң мааниге ээ экенин белгилеген. "Казакстан кенди казууга гана эмес, сырьеону андан ары кайра иштетип, кошумча нарк кошула турган продукция өндүрүүгө кызыкдар", – деген Смаилов.
"Көксай" — алтын, күмүш жана молибден менен бирге концентрат түрүндө жылына 85 миң тоннага жакын жез бере турган кен.
Буга чейин бул кенди KAZ Minerals компаниясы иштетип келген. 2021-жылы компаниянын акцияларын казакстандык олигарх Владимир Ким сатып алган. "Forbes-Казакстан" басылмасынын маалыматына карганда, Ким өлкөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде биринчи орунга жайгашкан. 2022-жылы апрелде ал өз капиталын бир жылдын ичинде 400 миллион долларга көбөйткөнү кабарланган. Владимир Ким Казакстандагы эң ири жез өндүрүүчү деп эсептелген "Казахмыс" корпорациясынын акцияларынын 70% ээлик кылат.
"Айдарлы" жез кенин бүгүнкү күндө "Казахмыс" иштетип келет.