Ссылки доступа

Казакстан "Жибек жолу" кемесин ижарага алган орус компаниясы менен келишимди бузушу мүмкүн


Казакстан “Жибек жолу” жүк кемесин ижарага алган Орусия менен келишим шартын бузушу мүмкүн. Бул тууралуу 5-июлда индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Кайырбек Өскөнбаев билдирди.

– Эгер кеме Казакстанда жана эл аралык укукта бекитилген нормаларга туура келбеген иштер менен шугулданса, андан келишим бузулуп, жүк кемеси кайтарылат, – деди Өскенбаев.

3-июлда Украина данын уурдап чыккан Орусия кемеси Түркияда кармалган. Кеменин аты – “Жибек жолу” .

Украинанын Башкы прокуратурасы “Жибек жолу” жүк кемесинин Украина аштыгын мыйзамсыз экспорттоого катышы бар экенин кабарлаган.

1-июлда “Казакстан темир жолу” улуттук компаниясы жети тоннага чейин жүк ташый ала турган кеме былтыр Орусиянын “Грин-Лайн” компаниясына бербоут-чартер келишими боюнча берилгенин жана эстониялык Mangelbert OU компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде аштык ташыганын маалымдаган. Mangelbert OU казакстандык компанияга дан украин тараптыкы экенин жана Киевдин өтүнүчү менен гуманитардык коридор аркылуу ташылып жатканын билдирген.

Украина бийлигинин билдиришинче, согуш башталгандан бери Орусия оккупациялап алган аймактардан 400 миң тонна дан ташып кетти. Кремль айыптоолорду четке кагып келет.

Орусия менен Украина согушунан улам Кара деңиз портторунда дүйнөлүк рынокко багытталган миллион тонна азык-түлүк топтолуп калды. БУУ эгер өнүмдөр чыгарылып кетпесе, Африка, Азия жана Жакынкы Чыгыштагы кедей өлкөлөр ачка калышы ыктымал экенин эскертүүдө.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG