Ссылки доступа

ЕБ Каракалпакстандагы окуяны ачык жана көз карандысыз иликтөөгө чакырды


Европа биримдиги Өзбекстанды Конституцияны өзгөртүү сунушталгандан кийин Каракалпакстанда болгон кандуу окуяларды ачык жана көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

"Биз кишилердин жабыркаганына жана өлгөнүнө өтө өкүнүп жатабыз. Окуянын өнүгүшүнө тыкыр көз салуудабыз. Президент Мирзиёевдин калк нааразылыгынан кийин кабыл алган чукул чечимдерин кубаттайбыз. Биз бардык тараптарды зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн сабырдуулукка чакырабыз”, - деп айтылат билдирүүдө.

ЕБ өзбек бийлигин эл аралык милдеттенмелерин аткарып, адам укуктарын коргоого үндөдү:

“Европа биримдиги Өзбекстан менен бекем жана өнөктөш мамиледе. Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойбуз жана эл аралык нормалар менен алдыңкы тажрыйбалардын негизинде бул жараянды жарандар жана кызыктар тараптар менен кеңешип жасоого чакырабыз”.

4-июлда Өзбекстан прездиенти Шавкат Мирзиёев Европа кеңишинин президенти Шарль Мишель менен телефондо сүйлөшкөн.

Өзбекстандын башкы прокуратурасы маалымдагандай, Нукустагы толкундоолордон 18 киши өлүп, 243ү жаракат алды.

XS
SM
MD
LG