Ссылки доступа

Казакстанда McDonald’s ресторандары "техникалык мүчүлүштүктөрдөн" улам жабылды


Казакстандагы McDonald’s ресторандары фискалдык маалыматтар операторунун техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам жабылып калды. Бул тууралуу Казакстандагы McDonald’s франшизасы Instagram баракчасына жарыялады.

"Азыр бардык ресторандардын жумушун калыбына келтирүүгө аракет жасап жатабыз", – деп жазды компания.

Казакстандагы McDonald’s франшизасына Дарига Назарбаеванын мурунку кудасы Кайрат Боранбаев ээлик кылат. Жергиликтүү Forbes басылмасынын эсебинде ал Казакстандагы эң таасирдүү беш бизнесмендин катарына кирет.

Кайрат Боранбаев "Региональная сеть предприятий питания" деп аталган компаниясы аркылуу Орусиянын Свердловск, Оренбург, Челябинск, Курган, Тюмень жана Киров облустарында да McDonald’s түйүндөрүн башкарат.

Кайрат Боранбаев Казакстанда "ири өлчөмдө акча кымыруу" айыбы менен быйыл 17-мартта кармалган.

Казакстанда McDonaldʼs ресторандар түйүнү 2016-жылы ачылган. Учурда фастфуд-ресторандар өлкөнүн алты шаарында бар.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG