Ссылки доступа

Өзбекстан полициячылары Казакстандагы каракалпактарды суракка алууда (видео)


Каракалпакстан туусу
Каракалпакстан туусу

Каракалпакстандагы толкундоолордон кийин Алматыга келген өзбекстандык полициячылар тобу жергиликтүү активисттер менен бир ай иштейт.

Бул тууралуу “Настоящее время” телеканалына сыр сактоо шарты менен суракка кирип чыккандар билдирди. Алардын айтымында, полициячылар нааразылыкты уюштурууга Казакстандагы каракалпак диаспорасынан шек саноодо.

Өзүн Аллаяр деп тааныштырган каракалпакстандык активист Алматыда көптөн бери иштейт, бирок туулган жери менен тыгыз байланышта. Ал Өзбекстандагы окуяларга байкоо салып турган жана өз позициясын активдүү билдирген. Активист 4-июлда Алматы полиция департаментине суракка чакырылган. Ал суракка казакстандык полициячылардан башка да бир нече киши катышканын билдирди.

"Алар Өзбекстан ИИМинин өкүлдөрү. Бул сүйлөшүп жатканда эле түшүнүктүү болду. Алар мага өздөрүн тааныштырган жок. Саясий көз карашымды, эмне себептен жарандык позициямды ачык билдирип жатканымды сурашты. Алар биз – Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлдөрү жашоочуларды Өзбекстан бийлигине каршы тукуруп жатканыбызды айткылары келди", – деди активист.

Аллаярдын айтымында, өзбекстандык полициячылар андан жарандык активдүүлүгүн токтотууга буйрук беришкен. Болбосо, Өзбекстанга алып кетип, ал жакта сепаратизм жана экстремизм боюнча иш козголорун эскертишкен.

Буга чейин Orda.kz агенттиги Алматыга Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин ыкчам тобу келгенин жазган.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кеткен. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, 243 киши жаракат алган. Алардын 38и тартип коргоо кызматкерлери. Ооруканада учурда жүзгө чукул адам бар, айрымдарынын абалы оор.

Узбекистанские полицейские допрашивают в Казахстане выходцев из Каракалпакстана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

XS
SM
MD
LG