«Түшкөн снаряддар жарылган эмес. Мындан улам адам курмандыктары болгон жок. Термез шаарынын «Мажнунтол» айылындагы жеке турак жайларга зыян келтирилген. Ал эми бешинчи снаряд футбол талаасынан табылды. Алардын баардыгын саперлер зыянсыздандырды», - деп жазылат маалыматта.
Ушул тапта Өзбекстандын тийиштүү мекемелери ооган тарап менен окуянын себептерин иликтеп жатышат.
18-апрелде социалдык тармактарда Ооганстандын аймагынан Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы аскердик жайларга он ракета атылганы тууралуу маалымат тараган. Бирок анда расмий Ташкент бул маалыматты четке каккан.
"Америка добушу" радиосу Ооганстандагы “Ислам мамлекети-Хорасан” экстремисттик уюму Өзбекстандын Термез шаарындагы аскер базасын көздөй он ракета учурганын кабарлаган.