Ссылки доступа

Каракалпакстанда кармалгандардын бир бөлүгүн коңшу облустарга алып кетишти


Каракалпакстандагы жапырт башаламандыктарга катышууга шектелгендер учурда Хорезм жана Бухара облустарындагы тергөө абактарында кармалууда.

– 10-15 суткага камалган кишилерди Каракалпакстандын өзүндө кармап турушат, - деди жергиликтүү журналисттердин бири.

4-июлда Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын маалымат кызматы Нукуста 1-2-июлда болгон башаламандыктар учурунда 516 киши кармалганын билдирген.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Нукустагы жапырт башаламандыктар фактысы боюнча "Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүмүнө кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

5-июлда Amnesty International укук коргоо уюму Нукустагы окуяларды тыкыр, бейтарап, көз карандысыз иликтөөгө өзбек бийлигин чакырган.

1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста болгон башаламандыктарда 18 киши мерт кетип, 243 киши жаракат алганы расмий айтылган.

Айрым маалыматтарга караганда, демонстранттарды күч менен таркатууда миңден көп киши жабыркаган. Каракалпакстанда нааразылык акцияларынын тутанышына Конституциянын жаңы редакциясынын коомдук талкууга чыгышы түрткү берди.

Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамына кирген "суверендүү республика" деген макамы алынган эле.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдогон.

Как начинались и как были подавлены протесты в Каракалпакстане: хронология
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG