Ссылки доступа

Алматыда Назарбаевди соттоону талап кылган акциянын үч катышуучусу 15 суткага камалды


6-июлда Алматыда өткөн "Нурсултандын кылмыштары" деген акцияга катышкан "Демократиялык партиянын" (Казакстанда каттоодон өткөн эмес) тарапташтары административдик жоопкерчиликке тартылды.

Алматы сотунун чечимине ылайык, митингдин үч катышуучусу Казыбек Бердибеков, Сагидолла Мергембаев жана Берик Хамидулин 15 суткага камалды. Дагы тогуз киши, анын ичинде "Демократиялык партиянын" камактагы лидери Жанболат Мамайдын жубайы Инга Иманбай 30дан 70ке чейинки бир айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (бир айлык эсептик көрсөткүч 6,5 долларга барабар) айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Иманбай соттун бул чечими менен макул эмес экенин айтып, жогорку баскычтарга даттана турганын билдирди.

– Мен эч кандай мыйзамды бузган жокмун. Токаев өзү "Жаңы Казакстан", демократия, саясий реформалар жөнүндө айткан, бирок бүгүнкү күндө Назарбаевдин мурасы уланууда. Биз Назарбаевдин кылмыштарын ачык көрсөтүп берүүнү каалаганбыз. Ал 30 жылдын ичинде оппозицияны гана эмес, Казакстандын экономикасын да өлтүргөн. Биздин Назарбаевдер уурдабаган нерсебиз калган жок. Бүгүнкү окуя – Токаев аны коргоп, бизди соттоого даяр экенин көрсөттү", – деди Иманбай.

6-июлда ондон ашык киши Абайдын Алматыдагы эстелигинин алдына акцияга чогулган. Алар колдоруна "Жаңы-Өзөн 2011, Январь 2022", "казак тили", "сот, полиция, прокуратура", "экономика", "илим", "билим берүү", "медицина", Заманбек Нукадилов", "Алтынбек Сарсенбайулы", "Арон Атабек", "Дулат Агадил", "Жанболат Мамайга боштондук!" деген жазууларды кармап чыгып, булардын баарын "Назарбаевдин кылмыштары" деп атап, Нурсултан Назарбаевди соттоону талап кылышкан.

Акция башталгандан он мүнөт өткөндөн кийин акимчиликтин өкүлдөрү менен полиция кызматкерлери келип, чогулгандардан тарап кетүүнү талап кылышкан. Бирок митинг катышуучулары баш тарткандан кийин аларды кармап, полиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Ага чейин "Демократиялык партия" 6-июлда "Нурсултандын кылмыштары" деп аталган митинг өтөрүн билдирген. Активисттер тынч акциянын катышуучулары Абайдын Алматыдагы эстелигинин алдына чогулуп, "Назарбаев камалсын!" деп кыйкыра тургандыктарын айтышкан. Алар мындай жол менен "диктатордун" туулган күнүн "белгилөөнү" пландашкан.

6-июлда Казакстанда Нур-Султан шаарынын күнү белгиленет. Бул майрам өлкөнү 30 жыл башкарган мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү менен дал келет.

XS
SM
MD
LG