Ссылки доступа

Өзбекстан ТИМи: Каракалпакстанда "фейк маалыматтардын" алдын алуу үчүн интернетке чектөө киргизилген


Каракалпакстанда интернет байланышы "жалган маалыматтардын" тарашын жана "жарандардын антиконституциялык иштерге тартылышын" алдын алуу үчүн убактылуу чектелген. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө коомчулукта "тынч митинг мыйзамсыз күч колдонуу менен таркатылганы, ошондой эле өзгөчө абал киргизүү аркылуу пикирин эркин айткандардын оозу жабылып, маалыматтар бөгөттөлгөнү" тууралуу негизсиз сөздөр болуп жатканы белгиленген.

"1-2-июль күндөрү Нукус шаарында конституциялык түзүлүштү, Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн бузуу аракети болду. Конституциялык өзгөртүүлөргө каршылык билдирүүнү шылтоо кылып айрым күчтөр интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратып, жарандарды жапырт түрдө антиконституциялык ишмердүүлүккө тартууга аракет кылган. Буга байланыштуу биз интернет байланышка убактылуу чектөө киргизүүгө аргасыз болдук", – деп жазылган билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына караганда, башаламандыктардын жүрүшүндө 107 укук коргоо кызматкери жарадар болгон. Алардын 23үнүн абалы оор деп бааланууда.

"Башаламандыкка активдүү катышкандардын басымдуу бөлүгү алкоголдук ичимдиктерди ичип, маңзат колдонгон", – деп жазды мекеме.

Буга чейин Өзбекстандын Улуттук гвардиясы каза болгон 14 жайкын тургундун 13ү мас абалында болгонун, андан тышкары 4 аскер кызматкери өлгөнүн билдирген.

4-июлда өзбек бийлиги Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында демонстранттар менен күч түзүмдөрү кагылышканда 243 киши, анын ичинде 38 тартип сакчысы жарадар болгонун жарыялаган.

Нааразылык конституциялык өзгөртүүлөргө каршы тутанган. Жаңы сунушталган долбоордо Каракалпакстандын Өзбекстандын курамындагы "суверендүү республика" деген макамы алынган.

Тополоңдон кийин өзбек парламенти Конституциянын жаңы долбоорунда Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну колдогон.

Эл аралык уюмдар, Батыш өлкөлөрү расмий Ташкентти кан төгүүнү көз карандысыз жана адилет иликтөөгө үндөп жатышат.

XS
SM
MD
LG