Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары 5-июлда “Ислам революциясынын сакчылар корпусу” бир нече чет өлкөлүктү кармаганын, алардын арасында экинчи рангдагы британ дипломаты тыңчылык үчүн колго түшүрүлгөнүн маалымдашкан.
Fars маалымат агенттиги алар Ирандын борбордук аймагындагы чөлдө тыюу салынган жердин үлгүсүн алып жаткан учурда дрон менен аныкталышканын жазган.
IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги британ элчисинин орун басары Шахдад чөлүнө үй-бүлөсү менен турист катары барганын, ал аймактан анча алыс эмес жерде жакында ракеталык машыгуу болгонун кабарлаган.