Ссылки доступа

Европарламент депутаттары Тоолуу Бадахшан боюнча резолюция кабыл алышты


Парламент депутаттары Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы нааразылыктарды басууда Тажикстан бийлигинин демонстранттарга, журналисттерге жана активисттерге болгон репрессиялык аракеттерин чечкиндүү сындады. 7-июлда Европарламенттин резолюциясы көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

16-майдан баштап Бадахшандын Хорог шаарында жана Рушан районунда кырдаал кескин курчуп кеткен. Расмий маалымат боюнча “контртеррордук операциялардын” жүрүшүндө Мургабда 16 киши өлгөн. Жергиликтүү жашоочулар 40тай адам мерт болгонун билдиришүүдө.

Европарламенттин резолюциясында Тоолуу Бадахшанда адам укуктары жаатында абал өтө начарлап кеткени боюнча тынчсыздануу айтылган. Депутаттар тажик өкмөтүн “Тажикстандын бардык жарандарынын негизги эркиндигин жана мыйзамдын үстөмдүгүн” камсыздоого чакырышты.

Тажикстан бийлиги Европарламенттин резолюциясына жооп кайтара элек. Душанбе нааразылыкка чыккандарды “кылмыштуу топтордун мүчөлүгүнө” жана “бийликке куралдуу каршылык көрөтүүнү уюштурууга” айыптап жатат.

“Биз Тажикстан өкмөтүн нааразылыкка чыккандарды, көз карандысыз журналисттерди, укук коргоочуларды, юристтерди жана жарандык коомдун активисттерин куугунтуктоону токтотууга чакырабыз. Алар тоскоолдуксуз, өмүрү үчүн коркпой, өз иштерин аткарышы керек” деп белгиленген документте.

Европарламенттин депутаттары терроризим жана экстремизм менен күрөшүү оппозициялык ишмердүүлүктү басуу үчүн шылтоо катары колдонулбашы керектигин да эске салышты.

Резолюцияда 2021-жылдын ноябрь жана 2022-жылдын май айындагы окуяларды көз карандысыз иликтөө чакырыгы камтылган.

XS
SM
MD
LG