Ссылки доступа

Тажикстанда рубль арзандоодо


7-июлда Тажикстан банктарында, 1000 рубль 150-167 сомониге бааланды. Эки күн мурун эле 1000 рубль 177 сомониге алмаштырылып жаткан.

Акыркы айларда куну төмөндөгөн америка валютасы өз позициясын бекемдей баштады. 7-июлда 100 доллар 1045-1050 сомонини түздү. Күн мурун 100 доллар үчүн 985 сомони берилип жаткан.

Тажикстанда 2016-жылдан тарта рубль менен которулган акчалар сомони менен гана берилет.

Украинада согуш башталгандан кийин орус валютасынын куну кескин төмөндөп, 1000 рубль 91 сомони болуп калган. Бирок бир нече жумадан кийин рубль Тажикстандын улуттук акчасына карата кунун бекемдеп, атүгүл кымбаттап кеткен. Ушундай эле абал чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө да байкалууда.

XS
SM
MD
LG