Басылманын маалыматына караганда, карыз алуу тууралуу тиешелүү макулдашуунун долбоорун жактырган жарлыкка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол коюп, ал дароо күчүнө кирди.
Макулдашууда банк Казакстанга 345,7 миллион евро берүүгө даяр экени жазылган. Карыз боюнча бир жолку алына турган комиссия жалпы сумманын 0,25% түзөт. Карыз акчаны резервдөө үчүн алына турган комиссия сумманын төлөнбөгөн калдыгынын жылдык 0,25% түзөт.
Документке ылайык, Казакстан каражатты экономиканын атаандаштыкка кыйла туруштук бере ала турган тармактарын колдоого, ошондой эле "экономиканын кыйла туруктуу өнүгүүсү үчүн негиздерди түзүүгө" жумшайт.
Казакстан карыздан 2033-жылдын 15-апрелине чейин толук кутулуп бүтүшү керек.
2020-жылы Казакстан COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн эл аралык каржы уюмдарынан 2 миллиард доллардан ашык каражат алган. Бул сумманын көпчүлүк бөлүгүн Азия өнүктүрүү банкы карызга берген.
2022-жылдын 1-январына карата жарыяланган маалыматка ылайык, Казакстандын тышкы карызы 165,1 миллиард долларды түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу карыздын көлөмү жарым миллиард долларга (0,3%) көбөйгөн.