Ссылки доступа

Сот Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасынын камактагы мөөнөтүн узартты


Нур-Султан шаарынын райондор аралык тергөө соту ишкер Кайрат Боранбаевдин камактагы мөөнөтүн бир айга узартты. Ал Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы.

Боранбаев быйыл 17-мартта "квазимамлекеттик тармакта ири өлчөмдө акча кымыруу" айыбы менен кармалып, тергөө абагына камалган. Көп өтпөй ал көзөмөлдөгөн Алматыдагы автоунаа токтотуу жайларын башкарган компаниялар шаар акимчилигине кайтарылганы кабарланган.

Апрелде Боранбаев кожоюндарынын бири эсептелген Карагандадагы фармацевтикалык комплекс орусиялык "Спутник V" вакцинасын өндүрүүнү токтоткон.

Жергиликтүү Forbes басылмасы Боранбаевди Казакстандагы эң таасирдүү беш ишкердин тизмесине кошкон. Ал Казакстандагы McDonald’s франчайзисине, ошондой минералдык суу куюучу "Алекс-Сарыагаш" компаниясына, "Алмалы" активдерин башкаруу компаниясына, "Кемикал" мунай-химиялык компаниясына жана "КазТурбоРемонт" холдингине ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG