Ссылки доступа

Казакстанда Индия, Кытай жана Иран жарандары эки жумага чейин визасыз жүрө алышат


8-июлдан тарта Индиянын, Ирандын жана Кытайдын жарандары Казакстанда 14 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Мындай уруксат иш менен, конокко же турист болуп келгендерге тиешелүү болот.

Ички иштер министрлигинин Миграция комитети билдиргендей, жарым жылдын ичинде аталган өлкөлөрдүн жарандары Казакстандын аймагында визасыз жүргөн күндөрдүн саны 42ден ашпашы керек. Бул талапты аткарбагандар административдик жазага тартылат.

Июнда Казакстандын маданият жана спорт министри Ержан Еркинбаев жарандары визасыз келе алган мамлекеттердин санын жүзгө жеткирерин билдирген. Ал ошондой эле быйыл чет жактардан бир миллионго чейин туристтин келиши күтүлүп жатканын айткан.

Былтыр кошуна өлкөгө 330 миң турист барганы катталган. Пандемияга чейинки 2019-жыл менен салыштырганда бул 33,7% аз.

XS
SM
MD
LG