Бул серб спортчусунун "Чоң шлем"турнириндеги 21-жеңиши болуп калды.
Кирьос "Чоң шлемдин" финалына алгачкы жолу чыкты. Буга чейин ал Жокович менен эки жолу беттешип, экөөндө тең бир дагы сеттен жеңилбестен атаандашын утуп алган.
Жокович бул жеңиши менен Уимблдондогу титулдарынын саны боюнча америкалык Пит Сампраска жетти. Алдыда сегиз жолу жеңишке жеткен швейцариялык Роджер Федерер гана бар.