"Процесс толугу менен өкмөттүн көзөмөлүндө. Документтерин тапшырууга жетишпей калган каракалпакстандык абитуриенттердин онлайн-катталуу мөөнөтү узартылат", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Документтерди тапшыруунун жаңы мөөнөтү тууралуу Каракалпакстандын жашоочуларына SMS жана жергиликтүү телеканалдар аркылуу кабар берилет.
Катталуу Мамлекеттик тестирлөө борборунун жана Интерактивдик мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталы аркылуу жүрөт. Анда абитуриенттер бакалавр боюнча билим берүүнүн бешке чейинки багытын жана тесттер өтө турган сабактарды тандап алса болот.
Июлдун башында Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында Өзбекстан Конституциясындагы автоном республиканын макамын өзгөртүүгө каршы өткөн жапырт акциялар башаламандыктарга айланып, адамдар өлүп, көп киши жараат алган.
2-июлда Нукуска барган Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каркалпакстанга бир айга өзгөчө абал режимин киргизип, аймакта интернет байланышы өчүрүлгөн.