Ссылки доступа

Түркия түркмөн газын импорттоонун үч жолун караштырууда


Түркия жыйырма жылдан бери алгачкы жолу түркмөн газын Азербайжан аркылуу импорттоо мүмкүндүгүн караштырууда.

Бул тууралуу Ашхабадда Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун жолугушуусунда талкууланганы белгилүү болду.

Жолугушуунун жыйынынтыгында түрк аткаминери Түркияга түркмөн газын экспорттоонун үч жолу каралып жатканын айткан.

Алардын арасында Каспий аркылуу TANAP линиясын колдонуу демилгеси да бар.

TANAP кууру Европа Комиссиясынын демилгеси менен түзүлгөн Түштүк газ-транспорт коридорунун негизги компоненти болуп эсептелет. Эгер бул долбоор Түркмөнстандан ишке ашса, ал Транс-Анатолия линиясына кошулушу ыктымал.

TANAP кууру азербейжан газын Грекияга чейин жеткирет. Грекиядан бул линия TAP газ кууруна кошулат жана азербайжан газы Албания, Болгария, Италия жана Европанын башка борбордук рынокторуна жеткирилет.

Дагы бир вариант – своп же алмашуу схемасы. Бул схемага ылайык, Түркмөнстан Түркияга багытталган газын Иранга жеткирет, Тегеран өз кезегинде ушундай эле өлчөмдөгү газды Азербайжанга жөнөтөт, ал жактан газ Түркияга барат.

Үчүнчү вариант катары Түркмөнстан газын суюлтулган түрдө Каспий деңизи аркылуу Азербайжанга, ал жактан газ куурлары аркылуу Түркияга жеткирүү каралууда.

XS
SM
MD
LG